19:06, 18 ноября 2024, Бишкек - 24.kg
19-ноябрга караган түнү өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +13...+18,
Талас облусунда түнкүсүн +1...+6, күндүз +13...+17,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +12...+17,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −2...+3, күндүз +5...+10,
Нарын облусунда түнкүсүн −4...-9, күндүз +2...+7.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +5...+7, күндүз +16...+18 градус жылуу болот.