17:20, 15 ноября 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2025-жылы ажылыкка бара турган зыяратчылар үчүн жилет тандап алды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Сынак октябрь айында жарыяланып, жыйынтыгы 14-ноябрда чыгарылды. Белгиленгендей, тандоо учурунда сунушталган жилеттердин сапатына, курамына, баасына, ыңгайлуулугуна, дизайнына жана түсүнө өзгөчө көңүл бурулган.
Буга чейин муфтият ажылыкка катышуу үчүн РСК банкка 3 миң 258 адам 2 миң доллар жана кайтарымсыз 1 миң 200 сом өлчөмүндө алгачкы салым кошконун билдирген.
Сауд Арабиясы 2025-жылдагы ажылык сапарга Кыргыз Республикасынан баруучу зыяратчыларга 6 миң квота бөлдү.