15:10, 15 ноября 2024, Бишкек - 24.kg
Мэриянын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Ыбырайым Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер тилкесин аукционго койду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, көп кабаттуу үйдү долбоорлоо жана куруу үчүн жалпы аянты 0,3909 гектар жер тилкеси беш жылга ижарага берилген.
«Баштапкы ижара акысы жылына 2 млн 500 миң сом деп белгиленген. Камсыздоо депозити баштапкы ижара акысынын 50 пайыз өлчөмүндө төлөнөт. Аукциондун кадамынын өлчөмү колдонуудагы эрежелерге ылайык жер тилкесинин баштапкы баасынын 20 пайызы өлчөмүндө белгиленет», — деп билдиришти муниципалитеттен.
Мындан тышкары, долбоорду ишке ашырууда курулган аянттын 10 пайызы муниципалдык менчикке өтүшү керек. Ошондой эле турак жай аянтынын 10 пайызы көп кабаттуу имараттар ишке берилгенден кийин жер участогу менчикке сатылып алынганга чейин кабаттуу турак жай күрөөгө коюлушу керек.