13:11, 15 ноября 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандык режиссер Шамил Дыйканбаев Чымкентте аяктаган Борбор Азия өлкөлөрүнүн IX Эл аралык театр фестивалында мыкты деп табылды. Бул тууралуу Чүй облустук театрынан билдиришти.
Анда Казакстандын, Өзбекстандын, Түркиянын, Азербайжандын, Каракалпакстандын жана Татарстандын мыкты театрларынын сынактык спектаклдери орун алганы белгиленди.
Сынактын жыйынтыгында кыргызстандык режиссер мыкты деп табылды.
Шамил Дыйканбаев Чүй облустук театрын былтыртан бери жетектеп келет.