15-ноябрга карата аба ырайы

19:19, 14 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызгидромет билдиргендей, 15-ноябрда түнкүсүн Алай өрөөнүнүн чыгышында бир аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз жаан-чачын болбойт. Айрым жерлерге туман.Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн −2...-7, күндүз +2...+7

Талас жергесинде түнкүсүн −1...-6, күндүз +1...+6

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −1...-3, күндүз +5...+10

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −2...-7, күндүз +2...+7

Нарын өрөөнүндө түнкүсүн −5...-10, күндүз +1...+6.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн −3...-5°, күндүз +5...+7° жылуу болот.