13:37, 14 ноября 2024, Бишкек - 24.kg
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандан экспорттун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,2 пайызга өсүп, 2,8 миллиард долларды түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, импорттун көлөмү 3,7 пайызга гана өсүп, 9,3 миллиард долларды түздү.
Бул мезгилде тышкы сооданын жалпы көлөмү 12,1 миллиард долларды түздү. 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,4 пайызга өскөн.