13:33, 14 ноября 2024, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Ысык-Көл жылдан жылга кургап баратканын айтып, бул көйгөйдү чечүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу өкмөт башчыдан сурады.
Акылбек Жапаров адистер тарабынан улуттук программа иштеп чыгууда деп жооп берди.
«Ысык-Көлгө Каркырадан суу келбейт, дыйкандар сууну булактардан пайдаланышат. Конференцияда Ысык-Көлдү сактоо боюнча өз көз карашыбызды айтабыз. Биз ал жакка дүйнөнүн төрт бурчунан окумуштууларды чакырабыз. Соолуган Аралдын тагдырын кайталабашыбыз керек», — деди ал.
Буга чейин экологиялык уюмдардын жана илимий борборлордун жетекчилери Ысык-Көлдүн мындан ары тайыздашына жол бербөө үчүн сууну үнөмдөп, сугаттын эффективдүү ыкмаларына өтүүгө чакырышкан.