11:15, 14 ноября 2024, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңештин бүгүн, 14-ноябрдагы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-жылы ички дүң продукциянын өсүшү 9,2 пайызга жетиши пландалып жатканын билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылы пандемия, Баткен окуясы, климаттык каатчылык ж.б. болгондо министрлер кабинети ИДПнын өсүшүн 7 пайызга жеткире алган. Кийинки үч жылда ИДПнын өсүшү 9 пайызды түздү.
Акылбек Жапаров белгилегендей, бул мамлекеттик органдардын эле эмес, чакан жана орто бизнестин, тейлөө тармагынын, өндүрүш кызматкерлеринин да эмгеги.