Райымбек Матраимов эч жакка кетпөө тил каттын негизинде абактан бошотулду

16:42, 13 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эч жакка кетпөө тил катынын негизинде абактан бошоттулду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук соту билдирди.

Соттун маалыматы боюнча , 11-ноябрдагы токтом менен УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган.

М.Р.Ыга карата мурда камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. кетпесин деп таанылган.

Эске сала кетсек, 25-мартта УКМК Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовду Бакуда кармаган. Аны менен бирге агалары Тилек, Руслан жана Исламбек да кармалган.

26-мартта Райымбек Матраимов Бакудан Бишкекке экстрадицияланган. «Ал Кыргыз Республикасынын жетекчилигине кол салуу аракетин даярдап жаткан азербайжандык трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун Кыргыз Республикасында кармалган мүчөлөрү менен байланышы бар экени белгилүү болду», — деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Райымбек Матраимовго карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси «Мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу» жана 222-беренеси «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» боюнча кылмыш иши козголгон.

27-мартта Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовду 26-апрелге чейин УКМКнын СИЗОсуна камады.

Райымбек Матраимов 2015-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2020-жылдын октябрында бийлик алмашкандан кийин ага бажыдагы коррупция боюнча айып тагылган. Бир кылмыш иши боюнча эле Райымбек Матраимов келтирген жалпы чыгым 2 миллиард сомду түзгөн. Алардын көбүн мүлк — имарат жана батир түрүндө берип, эки ай төлөп берген. Экс-бажы кызматкери күнөөсүн мойнуна алды. Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 260 миң сом айыпка жыккан.