Кыргызстанда ак илбирсти сактоо боюнча активдүү иштер жүрүп жатат

15:47, 13 ноября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстан тоолуу аймактардын узак мөөнөттүү туруктуу өнүгүүсүнүн символу болгон ак илбирсти сактоо боюнча активдүү иш алып барууда. Бул тууралуу бүгүн БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясынын алкагында президенттин атайын өкүлү Динара Кемелова билдирди.

Бул аракеттер 11 өлкө менен биргеликте жүргүзүлүүдө, деди ал.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан Эл аралык ак илбирс күнүн жарыялоо жөнүндө резолюцияны колдоого алууда. Динара Кемелова иш-чаранын катышуучуларын резолюцияны колдоого чакырды.

Фото Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматынын архивинен. Ак илбирс камерага түшүп калган

Эске сала кетсек, 2023-жылдын декабрь айында ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу катары таанылып, 2024-жылдын сентябрь айында мамлекет башчысы Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын резолюциясы менен ак илбирстин эл аралык күнүн жарыялоону жарыялаган.

Белгилей кетсек, буга чейин бир катар өлкөлөрдө 23-октябрда белгиленип келет.