02:48
USD 86.80
EUR 91.71
RUB 0.87

Жанар Акаев: «400 млн долларга кантип тогуз эле мектеп курууга болот?»

Жогорку Кеңештин бүгүн, 13-ноябрдагы жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев 400 миллион долларга кантип тогуз эле мектеп куруларын түшүнбөй турганын айтты.

Кеп Кыргызстанда тогуз билим берүү мекемесинин курулушуна Орусия тарабынан Евразия өнүктүрүү банкы аркылуу бериле турган грант тууралуу болуп жатат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиевдин айтымында, бул долбоорду ишке ашыруу үчүн алдын ала 400-450 миллион доллар бөлүү күтүлүүдө. Акыркы сумма долбоордук-сметалык документациялар бүткөндөн кийин белгилүү болот.

«Белек кылынган аттын тишин санаба дешет. Бирок, ошентсе да 400-500 миллион долларга тогуз эле мектеп курабызбы? Албетте, бассейндер болот, шарттары жакшы, эл аралык стандартка жооп берет. Бирок ошол эле акчага 30 мектеп салса болот да», — деди Жанар Акаев.

Бекжан Супаналиев билим берүү мекемелеринин аянты 26 миң чарчы метрди түзөт деп жооп берди. Аларда эки актовый зал, спорттук зал, эки бассейн, өзүнчө стадион болот.

«Мында үзгүлтүксүз такталар, интерактивдүү доскалар, лабораториялар болот. Жабдуулар толук болот», — деди билим берүү министринин орун басары.

Талкуунун жыйынтыгында депутаттар 2024-жылдын 23-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялоону экинчи окууда кабыл алышты.

Эң көп окулган жаңылыктар