11:52, 13 ноября 2024, Бишкек - 24.kg
Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 79 миллион доллар бөлөт. Каражат ипотекалык турак-жай курууга жумшалат. Макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында үчүнчү окууда кабыл алынды.
Негиздөө сертификатында Ислам өнүктүрүү банкы каражаты болжол менен 2 миң батирдин курулушуна жумшала турганы жазылган.
Долбоор каражат бөлүнгөн күндөн тартып беш жылдын ичинде ишке ашырылышы керек. Акча 25 жылга бөлүнөт. Төлөмдөрдүн жети жылдык кийинкиге жылдырылышы да каралган.