18:37, 12 ноября 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандыктардын дары-дармекке болгон жылдык муктаждыгы 18-19 миллиард сомду түзөт. Бул тууралуу Экономика жана соода министринин орун басары Искендер Асыкулов Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылы өлкөдө 664,35 миллион сомдук дары-дармек жана медициналык буюмдар өндүрүлгөн. Ал эми 2024-жылдын сегиз айында — 450,9 млн.
Министрдин орун басары белгилегендей, калктын дары-дармекке болгон муктаждыгынын 96 пайызы Россия, Индия, Германия, Кытай, Өзбекстан жана Түркиядан келген импорттун эсебинен камсыздалат.