12:35
USD 86.80
EUR 91.46
RUB 0.87

Н. Абдыкадыровдун «Асман балдары» тасмасы Мексикадагы фестивалда үч байге алды

Кыргызстандык режиссер Нурлан Абдыкадыровдун «Асман балдары» тасмасы Мексикада аяктаган XVII эл аралык Moving film фестивалында үч сыйлыкка ээ болду.

Анын айтымында, жеңиштер «Мыкты көркөм тасма», «Мыкты актриса» (Айзирек Тыналиева) жана «Мыкты көркөм тасма монтажы» номинациялары боюнча ыйгарылды.

Тасмада кыргыздын байыркы салты боюнча эки үй-бүлө балдарын кантип күйөөгө бергени айтылат. Бир нече жылдан кийин келиндин ата-энеси каза болот. Күйөөнүн ата-энеси аны күч менен шаарга алып кетүүгө аракет кылышат, бирок кыз каршылык көрсөтөт...

Moving кинофестивалы көз карандысыз кинорежиссерлордун чыгармаларына арналган.

Эске салсак, Нурлан Абдыкадыров — драматург, режиссёр, продюсер, Кыргыз Республикасынын Эл артисти. Азыр Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрында режиссер-коюучу болуп иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар