18:45, 06 ноября 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызгидромет билдиргендей, 7- ноябрда түнкүсүн жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн −1...+4, күндүз 0...5;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн −2...+3, күндүз −1...+4;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3...8, күндүз 5...10;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −1...+4, күндүз 4...9;
Нарын облусунда түнкүсүн −2...+3, күндүз 4...9;
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8...10° , күндүз 14...16° жылуу болот