16:28, 06 ноября 2024, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 6-ноябрда, Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Мамлекет башчыларынын Кеңешинин XI жыйыны аяктады.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтүп, жыйынтыгында Уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери тарабынан төмөнкү документтер кабыл алынды:
Ошону менен бирге Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын саммитинин алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду:
ТМУнун Жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашуу;
Санариптик экономика боюнча өнөктөштүк келишими;
Жашыл каржы боюнча Түрк кеңешин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
Түрк борбордук (улуттук) банктарынын кеңешин түзүү жөнүндө меморандум;
ТМУнун Жерди байкоочу технологиялык спутнигин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
ТМУнун Чоң түрк тил моделин иштеп чыгуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.