14:34, 06 ноября 2024, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 6-ноябрда, Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны башталды. Иш-чара Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
«Ынтымак Ордосунун» кире беришинде Мамлекет башчысы ТМУга мүчө-мамлекеттеринин лидерлеринин ар бири — Азербайжан президенти Илхам Алиев, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев, ошондой эле байкоочу мамлекеттин лидери — Венгрия премьер-министри Виктор Орбандар менен салам алышты.
Учурашып, биргелешкен сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекет башчылары Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны өтө турган жыйындар залына бет алышты.