10:53, 06 ноября 2024, Бишкек - 24.kg
Сапаттуу адамдык капиталды өнүктүрүү максатында билим берүү кызматтарынын сапатын жогорулатуу үчүн 2024-2025-окуу жылында республикалык бюджеттен жана башка булактардан кошумча 11 миллиард 25,4 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу министр Догдуркүл Кендирбаева Бишкекте өткөн «Адамдык капитал жана туруктуу өнүгүү» улуттук форумунда билдирди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.
Министр белгилегендей, бөлүнгөн каражаттар төмөнкү максаттарга жумшалат:
1. Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө 3 млрд 408 млн сом (анын ичинен 408 млн сом — жаңы бала бакчалардын иштөөсүнө, 3 млрд сом — уктоочу жайларды окуу бөлмөлөрүнө кайра форматтоого жана жаңы топторду түзүүгө)
2. Окуу китептерин даярдоого жана басып чыгарууга 2 млрд сом.
3. Окуучуларды ысык тамак менен камсыздоого 2 млрд 800 млн сом (жылына 1,4 млрд сомдон)
4. Мугалимдер үчүн ноутбуктарды сатып алууга 1 млрд 364,4 млн сом (2024-жылы 678 млн сом, 2025-жылы 686,4 млн сом)
5. Мектептер үчүн компьютерлерди сатып алууга 100 млн сом.
6. Мектептердин муктаждыктарын канааттандырууга 1 млрд 353 млн сом (анын ичинен 416 млн сом — мектептердин окуу чыгашаларына, 134 млн сом — окуу эмеректерине, 803 млн сом — мектептердин учурдагы ремонтуна (жылына 401,5 млн сомдон).