10:45, 05 ноября 2024, Бишкек - 24.kg
2024-жылдын сентябрь айында Орусия Федерациясынан Кыргызстанга жеке жактардын акча которуулары өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү. Мындай маалыматты Улуттук банк билдирет.
Регулятордун маалыматы боюнча, сентябрда Россия Федерациясынан 271,3 миллион доллар которулган.
Жалпысынан ушул жылдын январынан сентябрына чейин Россиядан 2,1 миллиард доллар которулган, бул 2023-жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу 16,9 пайызга көп.