Түрк мамлекеттер уюмунун Бишкекте өтүүчү XI саммитине байланыштуу борбор калаада жайгашкан жогорку окуу жайларында, орто жана кесиптик башталгыч билим берүү мекемелеринде окуу процесси 5-6-ноябрь күндөрү онлайн форматка өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Буга чейин Бишкек шаарында жайгашкан министрликтердин, ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын көпчүлүк кызматкерлери 5-6-ноябрь күндөрү онлайн режиминде иштей турганы белгилүү болгон.
Эске сала кетсек, 6-ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттери уюмунун кезектеги XI саммити «Түрк дүйнөсүн бекемдөө: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук» деген темада өтөт. Анын ишине уюмга мүчө беш мамлекеттин: Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле ТМУнун байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери катышат.