10:00, 04 ноября 2024, Бишкек - 24.kg
Эртең, 6-ноябрында Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги XI Саммити өтөт. Алдыдагы Саммиттин темасы – “Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук” болмокчу.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматына караганда өлкөлөрдүн лидерлери ТМУнун алкагында көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.
Уюмдун учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышат, ошондой эле бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде Саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясына кол коюшат. Саммиттин жыйынтыгы боюнча 2025-жылга Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу Кыргыз Республикасына өтөт.
Кыргыз Республикасынын Уюмга алдыдагы төрагалыгы мезгилинде мүчө мамлекеттердин ортосундагы байланыштарды чыңдоо, экономикалык өсүш жана региондо жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылган.
Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери катышат.