09:12, 04 ноября 2024, Бишкек - 24.kg
5-6-ноябрда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар, 6-октябрда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан катуу жаашы күтүлөт.
7-8-ноябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.
Абанын температурасы кескин төмөндөйт.
Чүйдө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз -1° …+4°, Таласта түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -3°…+2°ка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн 1…6°, күндүз 4…9° жылуу, Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 0…5°, Нарында түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз -1° …+4° болот.
Республиканын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт.