1-ноябрга карата аба ырайы

18:20, 31 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызгидромет билдиргендей, 1-ноябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу унаа жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1...+6, күндүз +12...+17,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн −1...+4, күндүз +11...+16,

Баткенде түнкүсүн +2...+7, күндүз +12...+17,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3...+8, күндүз +13...+18,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 0...+5, күндүз +7...+12,

Нарын облусунда түнкүсүн −4...+1, күндүз +6...+11.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2...+4, күндүз +14...+16 градус жылуу болот.