Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Раззаков орденин негиздөөнү сунуштады

11:25, 31 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин бүгүн, 31-октябрдагы жалпы жыйынында депутат Нургүл Темирбаева Исхак Раззаков орденин негиздөө боюнча сунуш киргизди.

Анын айтымында, бул орден менен ак ниет иштеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, Кыргызстандын өнөр жайына салым кошкон ишкерлер сыйлануусу керек.

Депутат Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматка киришкенде Исхак Раззаковго жана облус тургундарынын эрдигине болгон сый-урматтын белгиси катары иш сапарын Баткен облусуна баруудан баштаганын белгиледи.

Нургүл Темирбаева парламентте Раззаковдун эмгегин эске салып, анын тушунда көпчүлүк ЖОЖдор жана техникумдар, Улуттук илимдер академиясы курулуп, ачылып, Ош-Бишкек автожолу жана Төө-Ашуу ашуусунда туннелдин курулушу башталганын айтты.