11:04, 31 октября 2024, Бишкек - 24.kg
Бишкектин борбордук бөлүгүнө эки күн бою унаалар жүрбөй турганын ИИМдин Кайгуул кызмат башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 31-октябрда жана эртең, 1-ноябрда төмөнкү көчөлөрдүн бөлүктөрү жабылат:
Чүй проспектиси Абдрахманов көчөсүнөн Тоголока Молдо көчөсүнө чейин;
Тыныстанов, Орозбеков, Раззаков, Панфилов, Логвиненко көчөлөрүнүн бөлүктөрү жана Эркиндик бульвары Киев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин жабылат.
1-ноябрда Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата борбордук аянтта салтанаттуу парад өтөт. Ушул эле күнү кечинде Ала-Тоонун борбордук аянтында майрамдык концерт болот.
«Парад УТРК телеканалы аркылуу онлайн көрсөтүлүп, бардык ММКларда чагылдырылат. Кечки концерттик программада «Ыр-Кесе» музыкалык сынагынын жеңүүчүлөрү жана лауреаттары болгон ички иштер органдарынын кызматкерлери катышат. Концерт саат 18.00дө башталат», — деп белгилешти ИИМден.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы жарандарды жана борбор калаанын конокторун түшүнүү менен мамиле жасап, алдын ала ыңгайлуу каттамдарды тандап алууну суранат.