09:25, 31 октября 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда энелердин өлүмү жогору бойдон калууда. Мындай маалыматтар Улуттук статистикалык комитеттин демографиялык жылдык китебинде камтылган.
Ведомствонун маалыматы боюнча, 2023-жылы 33 аял кош бойлуулуктун, төрөттүн жана төрөттөн кийинки мезгилдеги кыйынчылыктардан каза болгон.
«Ымыркайлардын өлүмү, акыркы жылдарда көрсөткүчтөрдүн байкаларлык төмөндөшүнө карабастан, ошондой эле жогорку бойдон калууда», — деп белгиленет жылдык китепте.
Өткөн жылы бир жашка чейинки 2 миң 40 бала ар кандай оорулардан, уулануудан жана жаракаттардан каза болгон.