20:01, 30 октября 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызгидромет билдиргендей, 31-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз жаан-чачын болбойт.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +12...+17
Талас өрөөнүндө түнкүсүн −2...+3, күндүз +11...+16
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1...+6, күндүз +12...+17
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн −1...+4, күндүз +6...+11
Нарын облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз +3...+8
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн +1...+3°, күндүз +14...+16° жылуу болот.