16:53, 30 октября 2024, Бишкек - 24.kg
Солтон-Сары алтын кенинин «Бучук» тилкесинде алтын казуу иштери башталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин геология башкармалыгынын башчысы Рустам Бейшен уулу Биринчи радиого билдирди.
Анын айтымында, инвестициянын көлөмү 900 миллион сомго жакын. Болжол менен жылына 2 тоннага жакын алтын казып алуу пландалууда. Жаратылыш ресурстары министрлиги бул кен тилкесинин иштетилиши жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылып, жергиликтүү бюджетке кирешенин көбөйүшүн белгилейт.
Азыр мында 300ге жакын адам иштейт. Рустам Бейшен уулу жумушчулардын саны миңге чейин көбөйүшү мүмкүн экенин тактады.
Эске сала кетсек, президент Садыр Жапаров Нарын облусундагы бул алтын кенине 2022-жылдын июнь айында барган. Ал инвестор бир убакта тиешелүү инфраструктураны курууну баштаган «Бучук» тилкесин текшерип, бирок жергиликтүү тургундардын нааразычылыгынан кийин 2019-жылы бардык иш-аракеттерин токтоткон.
Кен тилкесинде алтындын чалгындалган запасы 12 тоннаны түзөт. Геологдордун айтымында, баалуу металлдын кошумча запастары болжол менен 22 тоннаны түзүшү мүмкүн.