09:34, 29 октября 2024, Бишкек - 24.kg
Быйылкы «Алтын топтун» ээси аталды. Ал испаниялык «Манчестер Сити» клубунун жарым коргоочусу Родри (Родриго Эрнандес) France Football журналынын версиясы боюнча дүйнөнүн мыкты футболчусу катары «Алтын топ» сыйлыгын жеңип алды. Сыйлык тапшыруу аземи Парижде өттү.
Аземге «Манчестер Ситинин» жана Испания курама командасынын оюнчусу балдак менен келди. Ал сентябрдын аягында тизесинен жаракат алган. Өткөн сезондо Родри Испания курама командасы менен Европа чемпионаттын утуп, ал жакта турнирдин мыкты оюнчусу деп табылган.
Финалдык үчтүктө Родри «Реалдын» оюнчулары Винисиус Жуниор менен Жуд Беллингемден алдыга озуп кетти.
Белгилей кетсек, 28 жаштагы футболчу бул сыйлыкты алган үчүнчү испаниялык жана 64 жылдан бери өз өлкөсүнөн биринчи жолу «Алтын топту» утуп алды.
Буга чейин бул сыйлыкты Альфредо Ди Стефано (1957, 1959) жана Луис Суарес (1960) жеңип алышкан.