Түркия Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасына 32 миллион доллар бөлөт

16:37, 28 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасына Түркия биргелешкен башкаруу келишиминин алкагында 32 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов билдирди.

Министрдин орун басарынын айтымында, каражат медициналык мекеменин беш жыл бою иштешин камсыздоого жумшалат.

Ошондой эле келишимде Кыргызстандан жылына 20 дарыгер Түркияда билим алуусу белгиленген.

Каарманбек Байдавлетов белгилегендей, бүгүнкү күндө ооруканада Кыргызстан тараптан 88, ал эми Түркия тараптан 44 медицина кызматкери эмгектенет, кыргызстандык дарыгерлердин айлыгы 1,2 миң долларды, медайымдардын айлыгы 600 долларды түзөт. Түркиядан келген дарыгерлер 1,5 миң доллар алышат.