Бишкекте жаңы төрөлгөн ымыркай ташталган. Ал балдар үйүнө берилди.

16:14, 28 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкектик аялдын эшигинин астына ыргытылган жаңы төрөлгөн ымыркай балдар үйүнө өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 24.kg басылмасына № 3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.

Анын айтымында, баланы балдар ооруканасынын дарыгерлери текшерген.

«Баланын ден соолугу жакшы, эч кандай патологиясы жок. Аны борбордогу балдар үйүнө жиберилди», — деди Акылбек Маманов.

Эскерте кетсек, Кызыл-Аскер конушунун тургуну 17-октябрда жаңы төрөлгөн баланы таштап кеткен. Аталган факт катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Биринчи май РИИБнин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп, натыйжада бала Биринчи Май району боюнча ОПСДнын адистерине өткөрүлүп берилген.