Кыргызстанда «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» жумалыгы башталды

11:17, 28 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 28-октябрдан баштап Кыргызстанда «Дүйнөлүк каражат топтоо күнү» жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, масштабдуу иш-чара Кыргызстанда 2015-жылдан бери Улуттук банк тарабынан координацияланып, мамлекеттик органдардын, финансылык институттардын, КР Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин жана башка катышуучулардын көмөктөшүүсү менен ишке ашырылып келет.

Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн белгилөөнүн негизги максаты — калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, акча топтоо маданиятын калыптандыруу жана акча ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга дем берүү.

Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн алкагында 28-октябрдан 1-ноябрга чейин Бишкек шаарында жана аймактарда мамлекеттик органдар, коммерциялык банктар, камсыздандыруу компанияларынын жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү менен биргеликте ар кандай иш-чаралар, атап айтканда ачык сабактар, лекциялар, интерактивдүү оюндар, экскурсиялар, ачык эшик күндөрү, сынактар жана викториналар өткөрүлөт. Иш-чаралардын жүрүшүндө үнөмдөөнүн маанилүүлүгү, топтолгон акча каражаттарын сактоо жана көбөйтүү жолдору тууралуу маалымат берилет.

Финансылык кызматтар боюнча консультация берүү жана банктык, микрофинансылык жана башка финансылык кызматтар жөнүндө маалымат берүү максатында 2024-жылдын 31-октябрында саат 10:00-14:00гө чейин Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсү 547 дареги боюнча Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Дүйнөлүк каражат топтоо күнүн алкагында финансы-кредит уюмдары жана мамлекеттик органдар тарабынан уюштурулуп жаткан финансылык жарманке өтөт. Финансылык жарманкеге бардык каалоочулар катышса болот (кирүү акысыз).