«Сосновка» постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

09:49, 28 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Аба ырайына байланыштуу «Сосновка» постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Фото Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы

Ведомстводон билдиришкендей, Бишкек-Ош унаа жолунун бул тилкесинде тыгындарды болтурбоо үчүн түндөн бери чектөөлөр киргизилди.

Чектөөлөр аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин күчүндө болот. Алар жасалма тыгындарды болтурбоо үчүн киргизилген.