Президенттин иш башкармалыгы Бишкектеги жаңы автобекеттин долбоорун көрсөттү

17:20, 25 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жаңы автобекеттин долбоорун жарыялады.

Анын айтымында, ага чейин Бишкек шаарынын мэриясы убактылуу пайдаланып турууга автобекет даярдаган.

«Биз жаңы автобекетти куруп баштадык, ага чейин убактылуу пайдаланып турууга автобекет мэрия даярдаган. Эки күндөн бери эле «кокуй автовокзалдын абалы ушулбу!»-деп талкуу жараткан блогерлерди байкап жатам. Башка өлкөнүн вокзалдары менен салыштырып, шылдыңдоо кылгандар дагы бар.

Элге шарт түзөлү, жаңы куруп берели деген максаттарыбызды, айрымдар бурмалап тепкиге алып жатасыздар. Мындай кылбаңыздар, уят туугандар. Андан көрө элдин кызыкчылыгына багытталып жасалган жумуштарды колдоп турбайсыздарбы? Сабыр кылып турсаңыздар урматтуу президентибиз тапшырма койгон, кийинки жылы жаркыраган автобекеттүү болосуздар», — деп жазды ал.

Анын айтымында, жаңы автобекеттин курулушу келерки жылы бүткөрүлөт.

Белгилей кетсек, 23-октябрдан тарта Батыш автобекети, анын ичинде «Акжол» кичи бекети толугу менен иштебей калды. Алар тейлеген бардык каттамдар Алма-Ата көчөсү, 1/1 (айланма жол менен кесилишкен) «Бишкек автобекет» ишканасынын автобекетинен чыгат.