14:32, 25 октября 2024, Бишкек - 24.kg
Ысык-Көл менен Жалал-Абаддын ортосундагы түндүк-түштүк жаңы жолун пайдаланууга берүү 2025-жылдын жаз айына пландаштырылган. Бул тууралуу транспорт министринин биринчи орун басары Талантбек Солтобаев брифингде билдирди.
Ал белгилегендей, учурда Көк-Арт ашуусундагы тоннелдин курулушу боюнча жумуштардын 95 пайызы бүттү. Ал иштер ноябрь айына чейин бүткөрүлмөкчү.
Аткаминердин айтымында, жаңы каттамдын жалпы узундугу 453 чакырымды түзөт.
Түндүк-түштүк альтернативалык жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Долбоордун баасы 850 миллион долларды түзөт, анын автору «Кыргыздортранспроект» ишканасы.