Каныбек Туманбаев: «Кыргызстанда 610 көп кабаттуу үй курулуп жатат»

18:18, 24 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 32 миң 777 батирлүү 610 көп кабаттуу үй курулууда. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык түйүндөрдө түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, борбордо 9 миң 895 үй-бүлөгө батирлер салынып жатат.

Каныбек Туманбаев мамлекет башчы Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы «Ынтымак» турак-жай комплексинин курулушуна капсула салганын эске салды. Ал жерде 8 миң 100 батирлүү 18 кабаттуу үйлөрдү куруу пландалууда.

Кудай буюрса, үч жылдын ичинде кезекте турган бардык жарандар турак-жай менен камсыз болушат", — дейт Каныбек Туманбаев.

Ал бардык жарандар тез арада даяр объектилерден турак-жай сатып алууну каалап жатканын, бирок чыдамкай болуу керектигин айтып, курулуштун жүрүшү Садыр Жапаровдун көзөмөлүндө экенин баса белгиледи.