Эльвира Сурабалдиева шайлоодо аялдарга квота берүүнү жоюуну сунуштады

16:41, 24 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин бүгүн, 24-октябрдагы жалпы жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева шайлоодо аялдарга берилген квотага эркектер нааразы болуп жатканын билдирди. Анын айтымында, мырзалар муну адилетсиз деп эсептешет.

Эл өкүлү аялдарга квота эмес, аймакка жараша пайыздык босогону, мисалы, 2-3 миң добушка барабар берүүнү сунуштоодо.

«Анан шайлоодо чыныгы активдүү, күчтүү, өз тармагынын профессионал аялдары чыгат. Алардын саны көп», — деди ал.