13:18, 24 октября 2024, Бишкек - 24.kg
Бишкекте автобустар узак аралыгы менен катташат. Бул тууралуу депутат Бактыбек Марипов Жогорку Кеңештин бүгүн, 24-октябрдагы жалпы жыйынында билдирди.
Эл өкүлү «Андан сырткары автобустар жык толгон, элге орун жок, кийинкисин күтүп жатышат. Автобустардын ортосундагы интервалды кыскартуу керек», — деди.
Мындан тышкары жарандар коомдук транспортто накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүдө кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыктарын белгиледи.
Белгилей кетсек, кечээ, 23-октябрда Бишкектин коомдук транспортунда техникалык иштерге байланыштуу накталай эмес төлөмдөр, валидаторлор жана Тулпар тиркемеси иштебей калган. QR коду аркылуу төлөм да иштеген жок.