Бишкекте жаңы автобус каттамы ачылды. Багыты кандай?

13:05, 24 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүндөн тарта Бишкекте № 13 муниципалдык автобус каттамы ишке кирди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, автобус Алмата 1/1 дарегиндеги «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасы жана Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан батыш автобекети багыты боюнча жүрөт. Жол кире накталай эмес түрдө 17 сомду түзөт.

Фото

Белгилей кетсек, 23-октябрдан тарта батыш автобекети, анын ичинде «Акжол» кичи автобекети ишин толугу менен токтотуп, аны көчүрүү боюнча иш башталды. Буга чейин батыш автобекети жана «Акжол» кичи автобекети тейлеген бардык каттамдар «Бишкек автобекети» муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетинен жөнөп жатат.