10:50, 24 октября 2024, Бишкек - 24.kg
Президент Садыр Жапаров Медербек Сатыевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы болуп 5 жылдык мөөнөткө дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, Жогорку соттун төрагалыгына 2022-жылдын февраль айында дайындалган Замирбек Базарбеков 9-октябрда өз ыктыяры менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Анын ордуна Соттор кеңеши Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштап, парламент макулдук берген.