Раззак Бейшекеев грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиону болду

09:07, 23 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Фото Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясы

Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев Албанияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Спортчу 67 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, мелдештин бардык баскычтарында ишенимдүү күрөштү көрсөттү.

Раззак Бейшекеев төмөнкүдөй жеңиштерге жетишти:

1/16 финал: Даниел Даяни (Албания) — Раззак Бейшекеев — 1:10

1/8 финал: Раззак Бейшекеев — Фарид Халилов (Азербайжан) — 4:1

1/4 финал: Раззак Бейшекеев — Харуто Ябе (Япония) — 9:0

1/2 финал: Раззак Бейшекеев — Арсланбек Салимов (Польша) — 10:0

Финалдык беттеште ал грузин балбаны Диего Чхиквадзени 6:1 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону аталды.

Белгилей кетсек, Раззак Бейшекеев кадеттер арасында 2021-жылдагы дүйнө чемпиону, Азия чемпионатынын жана 2023-жылкы Азия оюндарынын коло байгесинин ээси.