17:05, 22 октября 2024, Бишкек - 24.kg
Президент Садыр Жапаров 23-24-октябрда XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Татарстандын Казань шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Анын айтымында, жолугушуу 24-октябрда өтүп, көп тараптуулукту чыңдоого, бирикменин жаңы мүчөлөрүн интеграциялоого жана глобалдык күн тартибине багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.