Эртең Бишкектин Жибек Жолу проспектиси унаа кыймылы үчүн толук ачылат

15:53, 22 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Жибек Жолу проспектисин реконструкциялоо иштери аяктады. Бул тууралуу 24.kg басылмасына Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаев билдирди.

Анын айтымында, оңдоп-түзөө иштери Жибек Жолу проспектинин түштүк тарабында Ибраимова көчөсүнөн Осмонкула көчөсүнө чейин жүргүзүлдү. Бул аймакка жол белгилери коюлуп, эртең, 23-октябрда Жибек Жолу проспектиси унаалар үчүн толугу менен ачык болот.

Улан Бейшенбаев 2025-жылга Аламүдүн дарыясындагы көпүрөнү кеңейтүү менен Жибек Жолу проспектисин Осмонкула көчөсүнөн 7-апрель көчөсүнө чейин реконструкциялоо иштери пландалып жатканын кошумчалады.