14:30, 22 октября 2024, Бишкек - 24.kg
Жакында Бишкекке Түркиядан жаңы автобустардын партиясы келет. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев Биринчи радиого билдирди.
Анын айтымында, 21-октябрга карата борбордо 1376 автобус бар. Күн сайын линияда 1 миң 70 автобус жана 108 троллейбус иштейт. 20-ноябрга чейин Бишкекке 35 жаңы автобус келет.
Бул жолу автобустар кондиционер менен жабдылып, мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн көтөрүүчү механизмдер бар. Алар газ менен иштешет.
Вице-мэрдин айтымында, жаңы партиядан автобустарды экспресс каттамдарга, мисалы, «Манас» эл аралык аэропортуна жөнөтүү пландалууда.