Бүгүн Казань шаарындагы БРИКС XVI саммитине 40 өлкөнүн өкүлдөрү катышат

10:06, 22 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 22-октябрда XVI БРИКС саммити Казань шаарында башталат.  Орусиянын ЖМКлары дүйнөлүк көпчүлүк өлкөлөрдүн лидерлери планетадагы курч кризистерди жана БРИКСке жаңы мамлекеттерди кошууну талкуулаша тургандыгын жазышууда.

Иш-чара БРИКС+ форматында өтүп, БРИКС өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүгө кызыкдар мамлекеттердин өкүлдөрүн чогултат. Жалпысынан 36 өлкөнүн жана 6 эл аралык уюмдун катышуусу күтүлүүдө. Иш-чарага БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш да келет.