09:46, 22 октября 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын бийлиги келечекте республикада орус тилин сактап калуу маселесине көңүл бурууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Москвада Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен болгон жолугушууда билдирди.
Акылбек Жапаров залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов атактуу чыгармаларын орус тилинде жазганын эске салды.
«Билим берүү тармагында да кызматташуу ийгиликтүү жүрүп жатат. Акыркы жылдары Кыргызстанда жана Россияда иштеп, биздин мамлекеттердин ортосундагы достуктун көпүрөсү болгон он миңдеген квалификациялуу кадрларды даярдаганын белгилеп кетким келет», — деди Кыргызстандын Министрлер кабинетинин башчысы.