Нуржан Алапаева Эмгек министрлигинин социалдык коргоо башкармалыгын жетектейт

15:43, 21 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Нуржан Алапаева Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Социалдык коргоо департаментинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Фото

Буга чейин бул кызматты Актан Балбаков аркалап келген. Ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулган.

Ал эми Нуржан Алапаева буга чейин Социалдык коргоо департаментинин директорунун орун басары кызматын аркалап келген.