Жаманбаева КМШ өлкөлөрүнүн адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйына катышты

14:35, 21 октября 2024, Бишкек - 24.kg

КРнын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Москвада өткөн КМШ өлкөлөрүнүн адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйынында Армения, Тажикстан жана Өзбекстандын миграциялык мыйзамдарынын аналитикалык баяндамалары менен тааныштырды. Бул тууралуу Акыйкатчылыктын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматта ылайык, жаңы кырдаалдарды эске алуу менен мигранттардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу максатында, КМШ өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсү боюнча бир катар сунуштар комиссиянын кароосуна киргизилди. Отурумдун жыйынтыгында КМШнын адам укуктары боюнча комиссиясы бардык сунуштарды кабыл алды.

КР Акыйкатчылыгынын басма сөз кызматы

Эскерте кетсек, Жаманбаева буга чейин 24-июнда Санкт-Петербургда мигранттардын укуктарын коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын аналитикалык жыйнагын сунуштаган. Жыйындын жүрүшүндө, буга чейинки жана азыркы эки аналитикалык документти айкалыштыруу чечими кабыл алынды.

«Бүгүнкү күндө, мигранттардын укуктары жана эркиндиктери жаатындагы көйгөйлөр абдан курч бойдон турат. Ошондуктан КМШ өлкөлөрүнүн Акыйкатчы институттары биргелешкен күч-аракеттерди жумшашыбыз керек. Өзгөчө эмгек мигранттарынын укуктары бузулган учурлар көп кездешет. Мына ушундан улам, КМШ өлкөлөрүнүн мигранттарынын укуктары жаатындагы ченемдик укуктук актыларын изилдөөнү сунуштоого түрткү болду», — деди Жаманбаева.

Россиянын Акыйкатчысы Татьяна Москалькова КМШ өлкөлөрүнөн келген мигранттардын укуктарынын сакталышы жаатында бириктирилген эки аналитикалык документтерди андан ары чечим кабыл алуу үчүн мамлекет башчыга жөнөтүлөрүн белгиледи.

Ошондой эле, Жамиля Жаманбаева Москвада өткөн Омбудсмендердин Евразиялык альянсынын жыйынына да катышты. Жыйында Жаманбаева Кыргызстанда коомду санариптештирүү шартында жарандардын укуктарын сактоону камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу баяндады.

Иш-чарага Армениянын, Бахрейндин, Ирандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Монголиянын, Сербиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын акыйкатчы институттарынын өкүлдөрү катышты. Байкоочу катары Түркия, Венесуэла жана башка мамлекеттердин адам укуктары боюнча өкүлдөрү катышты.

Мындан тышкары, Жаманбаева Москвадагы Кыргызстандын элчилигине да барды.

Жамиля Жаманбаева менен Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев эмгек мигранттарынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо Кыргызстан менен Россиянын Акыйкатчы институттары менен элчиликтин өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн талкуулашты.