13:28, 21 октября 2024, Бишкек - 24.kg
2025-жылга планда дарыгерлердин айлыгын көтөрүү каралган эмес. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин биринчи орун басары Медербек Исмаилов Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө 17 миң штаттык медицина кызматкери болсо, 12 миңи иш жүзүндө иштейт.
Аткаминер 2024-жылдын сентябрынан тарта дарыгерлердин айлыгы 50 пайызга, медайымдардын айлыгы 20 пайызга, кенже медициналык кызматкерлердин айлыгы 10 пайызга жогорулаганын эске салды. «Республикалык болжолдуу бюджетте өсүш жок. Бул маселе боюнча Каржы министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», — деди ал.
Жыйында депутаттар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2025-жылга бюджетин жана 2026-2027-жылдарга пландаштыруу мезгилин карашты.