Жумгалда жайлоого кеткен боюнча дайынсыз жоголгон эки адам изделүүдө

11:55, 21 октября 2024, Бишкек - 24.kg

Нарын облусунун Жумгал районунда куткаруучулар дайынсыз жоголгон эки адамды издеп жатышат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 45 жаштагы эркек киши менен 9 жаштагы бала 16-октябрда жайлоого мал жаюуга кеткени, андан бери байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

ӨКМнын басма сөз кызматы

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө кечээ 20-октябрда  ӨКМден 11 куткаруучу, ИИМден 12 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 60 адам жалпы 83 адам тартылып, издөө жумуштарын аткарып натыйжа болгон эмес.

Бүгүн, 21-октябрда Жумгал райондук № 43 ӨКБдан 7, № 44 ӨКБдан 5 жалпы 12 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 65 адам жалпы 107 адам тартылды.

Кошумча маалымат берилет.